Иран интернетти жапырт өчүргөнүнө дээрлик 50 күн болгон маалда парламенттин мүчөсү Фазлолла Ранжбар “азыркы шартта дүйнөлүк желени ачуу максатка ылайык келбейт" деп билдирди. Эл өкүлү мындай ою менен ILNA жарым-жартылай расмий маалымат агенттиги менен бөлүштү.
Парламент депутаттары интернетти чектөөсүз колдоно алат.
Ранжбар желени “душман кирип алып, кас күчтөрдү бириктириши мүмкүн болгон көпүрө, көйгөйлөрдү жаратуу үчүн колдонгон курал” деп сүрөттөдү.
Дагы бир парламентарий, улуттук коопсуздук комиссиясынын мүчөсү Ахмад Бакшиш Ардестани чектөөлөрдү алууга каршы чыгып, Батыш интернетти Иранга кайтаруу үчүн бар аракетин жумшап жатканын айтты.
Анын айтымында, чектөөлөр келишимге жетишилгенден кийин алынышы мүмкүн. Сыягы кеп АКШ менен тынчтык макулдашуусу тууралуу жүрүүдө.
NetBlocks мониторинг тобу бийлик сырткы дүйнөдө пикир калыптандыруу үчүн кээ бир колдонуучуларга социалдык тармактарда маалымат жарыялоого уруксат берилгенин белгилейт.
Мындай кош стандарт Иранда көз жаздымда калган жок. Ок атышуу убактылуу токтогон 8-апрелден кийин катардагы ирандыктардын айрымдары интернет эмне үчүн калыбына келтирилбей жатат деген маселени козгошууда. Эмне дегенде Тегеран бийлиги интернетти өчүрүүнү согуш менен түшүндүргөн.
Дүйнөлүк желенин бөгөттөлүшү санарип жана жалпы экономикага да миллиарддаган доллар зыян алып келди.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму "Интернетке кошулуу адамдын эң жөнөкөй укугу жана уруш маалындагы зарыл нерсе" экенин белгилеген.
Ислам жумурияты дүйнөлүк желени АКШ менен Израилдин чабуулдары башталган 28-февралда бөгөттөгөн. 7-апрелде буга чейинки рекорд жаңыланып, интернет бүтүндөй өлкөдө өчүрүлгөн тарыхтагы эң узак көрүнүш болуп калды.
Былтыр жыл этегинде башталып, январга чейин уланган элдик толкундоолор учурунда да Ислам жумуриятында интернет 20 күнгө блоктолгон.
Шерине