Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

Украина: Орусиянын түнкү аба соккуларынан бир нече киши жараат алды

Орус армиясынын дрон соккусунан улам тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчү. 20-апрель, 2026-жыл. Харьков.
Орус армиясынын дрон соккусунан улам тутанган тилсиз жоо менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчү. 20-апрель, 2026-жыл. Харьков.

Орус армиясынын 20-апрелге караган түнкү аба соккуларынын натыйжасында Украинада кеминде 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар кызматтары билдирди.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына ылайык, орус күчтөрү 100дөн ашуун дрон менен чабуул койгон. Алардын 70тейи атып түшүрүлгөн. Учкучсуз аппараттар менен жалпысынан Украинанын 18 аймагы бутага алынган.

Маалыматка караганда, алты адам Днепропетровск облусунда жабыркаган. Аткылоонун натыйжасында менчик үйлөр, беш кабаттуу имарат, бир нече ишканалар жана инфратүзүмдөр жарым-жартылай талкаланган. Кривой Рог шаарында да инфраструктура объектилери жабыркады.

Киев облусунун Бровары районунда бийликтин маалыматына караганда, дрондордун чабуулунан бир адам жаракат алды.

Харьков шаарында дагы үч адам жабыркады. Дрондордун бири турак үйгө тийип, өрт чыккан.

Херсон облусунун бийлиги билдиргендей, орусиялык аскерлер Белозерка айылына бомба таштаган. Натыйжада 20га жакын турак үй толугу менен же жарым-жартылай талкаланган, бирок жабыркагандар жок.

Орусиянын бийлиги көптөгөн далилдерге карабастан, Украинадагы аскердик обьектилерди гана бутага аларын билдирип, карапайым калк жашаган аймактарга урулган соккуларды мойнуна албай келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG