Бишкекте 75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу кармалган саясат талдоочу Бакытбек Жумагуловдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 20-апрелде кабарлады. Сот тергөө тобунун тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Жумагуловдун бөгөт чарасын 11-апрелде карап, канааттандырган. Соттун чечимине ылайык, саясат талдоочу 10-июнга чейин үй камагында болот.
Биринчи Май райондук соту 6-апрель күнү анын да бөгөт чарасын карап, 10-июнга чейин камакта калтырган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган.
Бакытбек Жумагуловдун аты президенттик шайлоо өткөрүү боюнча 75 адам кол койгон кайрылууда жок. Ал кандай жагдайда бул иш боюнча шектелип жатканы, качан кармалганы тууралуу буга чейин коомчулукка маалымат берилген эмес.
Жумагуловдун өзү комментарий бере элек.
ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгонгон. Кийин ал “Бийликти күч менен басып алуу” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болду.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан. Кармалган саясатчылар да ушул кайрылууга кол койгондор.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынган.
Садыр Жапаров 13-февралда “Кабарга” курган маегинде алардын кайрылуусун бөлүп-жаруу катары мүнөздөгөн. (КЕ)
"75чилер" иши: Саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов үй камагына чыкты
Шерине