Эл аралык атомдук энергетика боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Иран менен АКШнын ортосундагы келишим түзүлсө, ал сөзсүз агенттиктин катышуусунда ишке ашышы керек экенин билдирди.
Ал The Telegraph басылмасына курган маегинде текшерүү болбосо келишимдин мааниси жоголорун белгиледи.
«Текшерүү болбосо бул келишим эмес жөн гана аткарылары белгисиз убада болуп калат», — деди ал.
Гросси агенттик Ирандын өзөктүк объектилерин жакшы билерин айтып, алардын иши толук калыстык менен жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Анын айтуусуна караганда, кокус келишим түзүлүп калса Иран байытылган урандын бир бөлүгүн суюлтуп, калганын үчүнчү өлкөгө чыгаруу варианты каралышы ыктымал экенин белгиледи.
Ошол эле учурда Гросси Кошмо Штаттардын Иран аймагына кирип, калган уранды чогултуу операциясын өтө татаал деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Америка мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгону менен бул кадам өтө кылдат башкарууну талап кылат.
Буга чейин Трамп АКШ Ирандан «өзөктүк калдыктарды» чыгарып кетиши мүмкүн экенин, ал тургай бул иш Иран өкмөтү менен кызматташтыкта жүргүзүлүшү ыктымал экенин айткан.
2025-жылдын июль айында Израил менен Иран ортосундагы 12 күндүк согуш учурунда өзөктүк объектилерге сокку урулгандан кийин Иран Эл аралык атомдук энергия агенттигинин инспекторлорунун толук кирүүсүн чектеп, кызматташууну азайткан.
Гросси ошондой эле Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы кагылышуулар кеңири өзөктүк куралдануу жарышына алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Анын айтымында, мындай жараянга Сауд Арабиясы, Польша, Түркия, Түштүк Корея жана Жапония сыяктуу өлкөлөр кошулушу мүмкүн.
Шерине