Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Парламент "Баатыр энелердин" балдарынын билим алуусуна жеңилдик берүүнү колдоду

"Баатыр эне" ордени.
"Баатыр эне" ордени.

Парламент 23-апрелдеги жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун кабыл алды.

Демилгечилердин бири, депутат Медер Чотонов токтом долбоору "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо, үй-бүлө институтун чыңдоо максатында сунушталганын билдирди. Ошондой эле ал өлкөнүн демографиялык өсүүсүнө өбөлгө түзүүнү шарттай турганын кошумчалады.

Чотонов жогорку окуу жайлардын келишим акысы жогорулап, 2-3төн студент окуткан үй-бүлөлөргө кыйынчылык жаратып жатканын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, соңку жылдарды өлкөдө балдардын төрөлүүсү 20-30 миңге кыскарууда.

Быйыл 1-январдан тартып “Бала береке” төлөмү жөнүндө президенттик жарлык күчүнө кирген. Бул төлөмдү Кыргызстандын шарты катаал - бийик тоолуу, барууга оор болгон аймактарда туруктуу жашаган энелер төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөп, алар бир жашка толгондо алат. Каражат келерки жылдан тартып төлөнө баштайт. Өлкөнүн Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2024-жылы 4төн 10 балага чейин төрөгөн 1900 эне катталган.

Кыргызстанда азыр жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. Маалыматка ылайык, 1996-жылдан бери Кыргызстанда “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 43 миңге жакындады. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG