Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчи 27-апрелде Санкт-Петербургга барды. Ал Ирандын башкы өнөктөшү Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга киргенин Дмитрий Песков билдирди.
Аракчинин сапары Иран менен АКШ ортосундагы сүйлөшүү токтоп калган маалга туш келди. "Тегеран биз менен сүйлөшкүсү келсе, телефон чалса болот. Мунасага келиш үчүн бир эле шарт бар: Иран өзөктүк курал жасоо ниетинен баш тартышы керек. Ансыз сүйлөшүүгө себеп жок", - деп билдирди Трамп жекшембиде Fox News телеканалына берген интервьюсунда.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер жекшембиде телефондон АКШ президенти менен сүйлөшүп, Ормуз кысыгы жакын арада ачылбаса, глобалдык экономикага олуттуу зыян келтирилээрин талкуулады.
Шерине