Латвиянын парламенти 28-майда жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Мурдагы коалиция өлкөгө украиналык дрондордун учуп киришине байланышкан окуядан кийин тараган.
100 депутаттан турган Сейм депутаттарынын 66сы премьер-министр кызматына 47 жаштагы Андрис Кулбергстин талапкерлигин колдоду. Ал латыш өкмөтүн быйыл 3-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого чейин башкарат.
Мурдагы премьер Эвика Силиня коргоо министри отставкага кеткенден кийин 14-майда кызматын тапшырган.
7-май күнү украиналык эки дрон Латвия аймагына, анын ичинде Резекнедеги мунай заводунун айланасына кулаган соң бул өлкөдө саясий кризис жаралган. Премьер-министр Эвика Силинянын сындоосунан кийин коргоо министри Андрис Спрудс кызматтан кеткен. Андан кийин өкмөт бөлүнүп, премьер-министр Силиня өзү да кызматтан кетүүгө арыз берген. 17-майда Латвиянын асманына кайрадан дрон учуп кирген.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги ошол кезде маалымат таратып, дрондор Латвиянын аймагына орусиялык радиоэлектрондук жабдуулардан улам түшүүсү ыктымалдыгын билдирген.
Орусиядагы бутага бет алган украиналык дрон болушу ыктымал делген учкучсуз учак шейшембиде Эстониянын үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Шерине