Бишкекте коомдук автотранспорт каттамынан троллейбустарды алып салууга каршы чыккан активисттердин арызы менен башталган соттук териштирүү аяктады. Сот мэриянын борбор калаадан троллейбустарды алганын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев 2-июнда Жогорку Кеңештин комитет отурумунда депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Бишкек шаарынан троллейбустарды алганы үчүн #SaveBishkekTrolleybus кыймылы жана башка демилгелүү топтор мэрияны сотко беришкен. Алар экологиялык коомдук транспорттун бул түрүн сактап калуу зарылдыгын белгилешкен.
Мэрия троллейбустардын ордуна электробустар жүрөрүн билдирип, 2025-жылы 120 электробус алып келген.
Ал эми өкмөттүн 2024-жылдагы токтому менен Бишкектеги троллейбустар Ош шаарына берилген.
Ош шаарына троллейбус жана электробус жүргүзүү максатында "Оштун электрдик коомдук транспорту" долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан жалпы 23 млн евро алынары айтылган. Анын 14,74 млн евро насыя, калганы грант түрүндө берилет. Бул тууралуу макулдашууга Европа банкы менен 2025-жылдын 8-июлунда Бишкекте кол коюлган.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 2-июндагы жыйынында аталган макулдашууга өзгөртүү киргизүү боюнча макулдашуу-каттын долбоорун талкуулады.(ZKo)
Шерине