Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия 3-июнда тапшырылды.
Жетинчи жылы катары менен өтүп келе жаткан сынактын алты жеңүүчүсүнө акчалай сыйлыктар, грамоталар берилди.
Быйыл окуучулар “Биздин айылдын келечеги” темасында дил баян жазышты. Сынакта башкы сыйлыкты Байэл Бейшенбеков жеңип алды. 2-орунду Сезим Кыштобаева, 3-орунду Актан Боронбаев ээледи. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка Али Асанкулов, Алина Аманбаева жана Айжамал Ишенбекова татыктуу болду.
Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия өзү окуп кеткен мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрүнө 2019-жылдан бери ыйгарылып келет.
Стипендия журналисттин кыргыз тилин даңазалап, кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган. Аны "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматынын башчысы Венера Сагындык кызы уюштурган.
"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда кырчындай 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Шерине