Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

Сот президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковду үй камагына чыгарды

Жаныбек Кубандыков. УКМК тараткан сүрөт.
Жаныбек Кубандыков. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук соту президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун бөгөт чарасын 6-июнда кайрадан карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул эле сот 22-майда бөгөт чарасын караган маалда аны 17-июлга чейин камакка алган эле. Судья муну менен атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырган.

Соттун соңку маалыматында Кубандыковдун бөгөт чарасынын өзгөртүлүшүнүн жүйөсү түшүндүрүлгөн жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кубандыков кармалганын 21-майда билдирген.

Атайын кызматтын маалыматында, ал жана дагы бир адам (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы кабарланган.

УКМК шектүүлөрдүн аты-жөнүн толук жарыялаган эмес. Бирок мекеме тараткан инициалдардын бири Жаныбек Кубандыковдун аты-жөнүнө туура келет.

Ал буга чейин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеген жана Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу.

Медина Кайрылбекова 2-июнда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу камактагы күйөөсү Жаныбек Кубандыков тууралуу билдирүү тараткан. Ал соцтармактарга жолдошу эки чет өлкөлүк ишкерди тааныштырганын, бирок бири экинчисин алдап кетип, ортого түшүп "тааныштырганы үчүн күйүп жатканын" жазган. Орусиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кеткенин, күйөөсү буга тиешеси жоктугун кошумчалаган.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов 25-майда соцтармакта пост жазып, Садыр Жапаровдун жергиликтүү жарандардан коомдук кеңешчилери менен жардамчылары жок экенин билдирген.

Ал “Президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын бардыгын 2024-жылы сентябрда Президенттин Администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи)” деп Фейсбукка жазган. (ErN)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG