Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Бразилиянын экс-президенти Болсонарунун уулу төрт жылга кесилди

Бразилиянын Жогорку соту мурдагы президент Жаир Болсонарунун уулу Эдуарду Болсонару.
Бразилиянын Жогорку соту мурдагы президент Жаир Болсонарунун уулу Эдуарду Болсонару.

Бразилиянын Жогорку соту мурдагы президент Жаир Болсонарунун уулу Эдуарду Болсонаруну төрт жыл, эки айга эркинен ажыратты. Соттун чечими 16-июнда чыгарылды.

41 жаштагы саясатчы АКШны Бразилияга каршы санкция киргизүүгө чакырганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Жогорку соттун судьялары анын аракеттери сот бийлигине жана мамлекеттик мекемелерге басым жасоого багытталган деген бүтүмгө келишкен.

«Ал өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келген аракеттерди чет өлкөдө лобби кылган», - деди ишти караган судья Алешандре де Мораэс.

Соттун чечими менен Эдуарду Болсонаруга сегиз жыл бою мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө да тыюу салынды.

Ал 2015–2025-жылдары Бразилия парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты болгон.

Өкүм сыртынан чыгарылды, анткени Эдуарду Болсонару учурда АКШда жашайт. Бразилияга кайтып келсе, камакка алынат.

Жаир Болсонару 2019–2023-жылдары Бразилиянын президенти болгон.

Ал 2025-жылдын сентябрында мамлекеттик төңкөрүш даярдоого жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айып менен күнөөлүү деп табылып, 27 жыл, үч айга эркинен ажыратылган.

2026-жылдын октябрында Бразилияда президенттик шайлоо өтөт. Ага азыркы президент Луис Инасиу Лула да Силва катышарын билдирген. Ал эми анын атаандашы катары Жаир Болсонарунун дагы бир уулу, Флавиу Болсонару талапкерлигин көрсөтүүнү көздөп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG