Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Орусияга башка фамилия менен кирүүгө аракет кылган тажик аялга кылмыш иши козголду

Тажикстандык аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Тажикстандык аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Коми Республикасында полиция Тажикстандын жаранын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген шек менен текшерип жатат. Ички иштер министрлигинин версиясына ылайык, Орусияга кирүүгө тыюу салынган аял фамилиясын өзгөртүп, жаңы паспорт алган.

Коми боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматында, 2023-жылы Татарстандын Ички иштер министрлиги бул аялга 2033-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салган.

Полициянын билдиришинче, ага карабастан аял 2025-жылы башка фамилия менен кайрадан өлкөгө кирген. Ал Коми Республикасында өткөрүлгөн «Нелегал» аттуу рейддин жүрүшүндө аныкталган.

Учурда укук коргоо органдары текшерүү жүргүзүп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо маселесин карап жатат. Бул берене боюнча төрт жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ошол эле «Нелегал» операциясынын жүрүшүндө Коми Республикасында дагы тогуз чет өлкөлүк жаранды өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынганы маалым болду. Алардын жарандыгы жана депортациялоо себептери тууралуу маалымат берилген жок.

Бул окуя Орусияда миграциялык саясат күчөтүлүп жаткан учурга туш келди.

2025-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттары үчүн Орусиядагы шарттар кыйла татаалдашкан. Рейддер, текшерүүлөр, өлкөгө киргизбей коюу жана депортация учурлары көбөйүп, бийлик мигранттарды көзөмөлдөөнүн жаңы санариптик механизмдерин ишке киргизген.

2024-жылдын март айында Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик борборунда болгон теракттан кийин Борбор Азиядан барган мигранттар жапырт текшерүүлөр, кармоолор жана чек арадан өткөрбөй коюу учурлары көбөйгөнүн билдирип келет. Орусиянын тергөө органдары бул кол салууга Тажикстандын жарандары катышкан деп айыптаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG