Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Ысык-Көлдө котормочу кызды ур-токмокко алды деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө котормочу болуп иштеген кызды сабап, бетине түкүргөн деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 15-июнда Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Э.М. арыз менен кайрылган. Ал чет өлкөлүк жаран Л.Ю. анын аброюна шек келтирип, жаакка чаап, түкүрүп, бейбаштык аракеттерди жасаганын билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө арыздануучу Ысык-Көл районундагы курулуш компанияларынын биринде котормочу болуп иштегени аныкталган.

Милициянын маалыматында, 15-июнда саат 19:13 чамасында сейилдеп жүргөн учурда Л.Ю. аттуу чет өлкөлүк жаран анын жанына келип, жаакка чаап, түкүрүп жиберген.

Алгач милиция соттук-медициналык экспертиза дайындап, окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп жатканын билдирген.

17-июнда экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголду.

Милициянын маалыматына ылайык, 1980-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.Ю. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул окуя тууралуу маалымат буга чейин социалдык тармактарда тараган.

Өзүн кытайлык компанияда котормочу болуп иштейм деп тааныштырган кыз аны кытай жараны сабаганын айтып чыккан. Окуя курулуш жүрүп жаткан аймакта болгон жана жерине милиция кызматкерлери чакырылган. Кыз сурак бүткөндөн кийин өзүнө кол көтөрдү деген адам коё берилгенин билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчулар үчүн 2025-жылы бөлүнгөн эмгек квотасы 25 миңден 42 миңге чейин көбөйтүлгөн. Эмгек квотасын эң көп алган өлкөлөрдүн катарында Кытай, Индия, Түркия жана Пакистан бар.

Кыргыз бийлиги өлкөдө кытай жарандарынын саны кескин көбөйүп кетти деген маалыматтарды четке кагып, алардын басымдуусу «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу жана башка ири инвестициялык долбоорлордо иштеп жатканын билдирип келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG