Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Парламентте УКМКнын ишмердигин текшерүү боюнча комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиев жетектеп турган учурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Мындай демилгени депутат Нурбек Сыдыгалиев 18-июнда айтып чыкты. Ал депутаттык комиссия УКМКнын ишмердигин карап, саясий баа бериши керектигин кошумчалады:

“Көп иштер бар. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы жыйынга курал-жарак алып келген окуя болгон. Аны ким алып келген. Ушул сыяктуу көп иш бар. Ошол нерселерди карап, саясий баа берилиши керек”, - деди Сыдыгалиев.

Бул демилгени депутат Дастан Бекешов да колдорун билдирип, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында УКМКнын ишкерлерден алган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун да карап чыгуу керектигин билдирди. Ал бул жаатта абдан көп арызданган адамдар, УКМК аркылуу өткөн мүлктөрдүн кимдердин колуна өткөнүн карап чыгуу зарыл экенин кошумчалды.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум 15-июндан тарта ачык өтүп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG