Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Кызын мурдагы күйөөсү сот чечими турса да бербей жатканына даттанган келин акыйкатчыга кайрылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жабырлануучу келинди (солдон биринчи) кабыл алды. 18-июнь, 2026-жыл.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жабырлануучу келинди (солдон биринчи) кабыл алды. 18-июнь, 2026-жыл.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага 31 жаштагы Р.А. аттуу келин кайрылып, өзүнүн жана 10 жаштагы кызынын укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөн. Ал акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон учурда укук коргоо органдары Жогорку соттун чечимин аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрбөй жатканына даттанган.

Арыздануучунун айтымында, мурдагы күйөөсү А.К. 2019-жылы ажырашкандан бир нече айдан кийин беш жана жети жаштагы кыздарын алып кетип, апасы менен жолуктурбай койгон. Келин сотко кайрылып, 2020-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кыздарды апасынын кароосуна өткөрүү боюнча чечим чыгарат. Бирок мурдагы күйөөсү эки жылдан кийин гана улуу кызын апасына өткөрүп, кичүүсүн бербей, бүгүнкү күнгө чейин жашырып келет. Быйыл январда Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Келиндин мурдагы күйөөсүнө сот чечимдерин аткарбаганы үчүн кылмыш иши козголуп, электрондук көзөмөл камагына алынган.

Жабырлануучу кызын Бишкектеги мектептерден издегенин, аягында менчик мектептердин биринен таап, сот аткаруучуларды жана милицияны чакырганын, бирок Свердлов районунун сот аткаруучусу колунда соттун чечими жок экенинин айтып, чара көрбөгөнүн айтып даттанган. Милиция кызматкерлери Жогорку соттун чечими турганына карабай, мурдагы күйөөсүнө кызын алып кетүүсүнө жол беришкен.

"Жада калса мурдагы күйөөмдүн ошол жерде мени коркутканына көңүл бурбай, болгону мага коргоо ордерин ыйгарышты”, - деген келин.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Конституцияга ылайык мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бардык мамлекеттик органдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш экендигин эскертүүдө. Ал мындай көрүнүш сот чечимдерин милдетүү түрдө аткаруу принцибине жана жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимине, сот бийлигинин кадыр-баркына доо кетирерин белгиледи.

Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылып, келиндин арызы боюнча текшерүү жүргүзүүнү, бул окуяга тиешеси бар сот аткаруучулардын, милиция кызматкерлеринин жана башка жооптуу кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берүүнү сунуштады.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG