Кыргызстанда крематорий ачып, каза болгондордун сөөгүн өрттөөгө уруксат берүү мөөнөтүн жылдыра туруу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Жогорку Кеңештин 18-июндагы отурумунда долбоор экинчи окууда колдоо тапты.
Депутат Камила Талиева буга өкмөттүн тиешелүү даярдыгы жок экенин жана демилге эл арасында да колдоо таппаганы себеп экенин белгиледи.
“Сөөктү жерге берүүдө мыйзамдын 24-беренесинде бул 2040-жылга чейин токтотулуптур. Бул туура. Себеби бул коомчулукта туура кабыл алынган жок. Ошондуктан өкмөттүн позициясы туура”, - деди Талиева.
Депутат Уланбек Жаанбаев крематорийлерди ачуу тууралуу норма кантип мыйзамга кирип калганына жана бул боюнча коомчулукта сурамжылоо жүрүп-жүрбөгөнүнө кызыкты.
Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов маалымат берди:
“Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан, орус православ чиркөөсүнөн жана католиктер чиркөөсүнөн сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы шариятка негиздеп, крематорийге уруксат эмес деген позициясын айткан. Орус православ чиркөөсү да диний жөрөлгөсүнө таянып каршылык билдирген. Бирок зарылдык болсо, макул экенин айткан. Католик чиркөөсү каршы эмес экенин тактаган”, - деди Иминов.
2024-жылы кабыл алынган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамда крематорийлерди ачуу жана сөөктү өрттөө тууралуу нормалар камтылган. Министрлер кабинети бул жайлардын иштеши үчүн керектүү инфратүзүмдүн жоктугун жана каржы булактары аныкталбаганын белгилеп, экологиялык талаптардын сакталышына байланыштуу маселелер каралып чыгышы керектигин билдирген. Мындан улам крематорийлердин иштеши боюнча 2040-жылга чейин чек киргизүүнү сунуштаган.
Шерине