21-июндан бери Европада катуу ысык маалында 1300дөн ашуун адамдын ашыкча өлүмү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус билдирди.
Анын айтымында, учурда Европада ысык аба болжол менен 150 миллион эл жашаган аймакты каптады. Ал белгилегендей, Европадагы үйлөр, жумуш кеңселери жана мектептер мындай жогорку температурага ылайыкташтырылып курулган эмес. Ошол эле учурда аномалдуу ысык дээрлик жыл сайын кайталануучу көрүнүшкө айланды.
"Европа – Жер шарындагы эң тез ысып жаткан континент. Бул жерде абанын температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу эки эсе ылдам өсүүдө", – деди Тедрос Гебрейесус.
Ал Европа өлкөлөрүн аптап шартында калктын ден соолугун коргоо боюнча атайын иш-аракеттер планын ишке киргизүүгө чакырды.
Гебрейесус кошумчалагандай, уюм мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөрү менен биргеликте ысыктан келип чыккан ден соолукка коркунучтарды азайтуу боюнча иш алып барууда. Бул иште өзгөчө даярдыкты күчөтүүгө, алдын алуу чараларына жана саламаттык сактоо системасынын өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга басым жасалууда.
Буга чейин Франциянын Улуттук коомдук саламаттык сактоо агенттиги ысыктан улам 1000ден ашык адамдын өлүмү катталганын билдирген. Көз жумгандардын 85% 65 жаштан жогорку адамдар болгон.
Адистер карылар үйлөрү жана адистештирилген мекемелер боюнча кошумча маалыматтар түшкөн сайын каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишти.
Июнь айында Европаны аномалдуу ысык каптап, алгач Батыш Европага, кийинчерээк Германия, Чехия жана Польшага жетти. Беларуста аба ырайына байланыштуу эң жогорку – "кызыл" деңгээлдеги кооптуулук жарыяланды.
Шерине