Орусиянын мурдагы аскер кызматкери Александр Лунин экстремисттик символду жайылтты деген административдик айып менен 27-июнда камакка алынды. Бул тууралуу алгач "Верстка" басылмасы маалымдады.
Соттун чечими расмий сайтка өкүм чыгарылгандан эки күн өткөндөн кийин, 29-июнда эртең менен гана жарыяланган.
Сот өкүлдөрү журналисттерге иштин чоо-жайын ачыктоодон баш тартышты.
Экстремисттик символду жайылтуу беренеси боюнча 15 суткага чейин камакка алуу каралган.
Александр Луниндин Telegram каналындагы маалыматка ылайык, ал 11 суткага камалган.
Буга чейин TikTok аркылуу жубайы үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, бардык компьютердик техника алынганын билдирген.
Кийин ал видеону өчүрүп, Луниндин аман-эсен экенин жана анын өтүнүчү менен бул окуя тууралуу комментарий бербей турганын жазган.
Тинтүү учурунда Лунин үйүндө болгон эмес. Ал Федералдык коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү долбоорунун жетекчиси, көптөгөн арыз-даттануулары менен белгилүү Виталий Бородин менен жолугушууга кеткен. Ошондон кийин байланышка чыккан эмес.
39 жаштагы Александр Лунин Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдагы согушунун катышуучусу.
Ал Воронеж облусунун Россошь районундагы Лизиновка айылында жашайт. "Медуза" жана "Медиазона" басылмаларынын маалыматына караганда, ал 150-мотоаткычтар дивизиясынын курамында согушуп, жаракат алган.
25-июнда Лунин видео кайрылуу жарыялап, Владимир Путин менен көзмө-көз жолугушууну талап кылган.
Ал жакын арада Кремлге барып, президенттин жанында түз эфирге чыкпаса, "армия куралын Кремлге каршы бурат" деп билдирген. Бул видео социалдык тармактарда миллиондогон жолу көрүлгөн.
Шерине