Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Казакстан: Бир палаталуу парламентке шайлоо 23-августка белгиленди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана шайлоодо үкөккө бюллетень салып жаткан жаран тартылган коллаж.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана шайлоодо үкөккө бюллетень салып жаткан жаран тартылган коллаж.

Казакстандын жаңы бир палаталуу парламентине (Курултайга) шайлоо 23-августта болот.

Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. 1-июлда расмий жарыяланган документте Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого камылга көрүү жана аны өткөрүү милдети жүктөлгөн. Өкмөт, облус-шаарлардын башчылары уюштуруу жана каржылык камсыздоо иштерин жүргүзүшү керек.

1-июлдан тартып Казакстанда жаңы Конституция күчүнө кирди. Ал быйыл 15-мартта өткөн референдумда кабыл алынган.

Ага ылайык өлкө Курултай деп аталган бир палаталуу парламентке өтөт. Курултай бирдиктүү жалпы улуттук округдардан пропорционалдык система аркылуу шайланып келген 145 депутаттан турат.

Депутаттардын ыйгарым укуктары беш жыл. Курултайдын төрагалыгына талапкерди президент көрсөтөт.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG