Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты расмий башталды

Маркум Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатканда, Тегерандагы Чоң Мосалла намаз комплексинин жанындагы имаратка анын сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинди. 4-июль, 2026-жыл.
Маркум Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатканда, Тегерандагы Чоң Мосалла намаз комплексинин жанындагы имаратка анын сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинди. 4-июль, 2026-жыл.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты баш калаа Тегеранда башталды. Ал 9-июлга чейин уланат.

Таң эрте Мосалла намаз аянтынын дарбазасы ачылып, жүздөгөн кишилер ал жакка кирүү үчүн кезекке турушту.

Зыйнат өтүп жатканда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Маалыматтарга караганда, Мосалланын айланасында автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салынган.

Хаменеи АКШ менен Израил Иранга абадан сокку ура баштаган күнү өлтүрүлгөн. Аны менен кошо үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсү мүрт кеткен. Баарынан сөөгү салынган табыттар эл алдына чыгарылды. Алар 6-июлга чейин ошол жерде болот.

Андан кийин Хаменеинин сөөгү Ирандын Кум шаарына жеткирилет. 9-июлда Ирандын түндүк-чыгышындагы туулуп-өскөн шаары Мешхедде жерге берилет.

3-июлда Хаменеи менен коштошууга Ирандын жогорку кызматтагы өкүлдөрү жана чет өлкөлүк делегациялар келишти. Кыргызстандын делегациясын парламент спикери Марлен Маматалиев жетектеп барды. Бирок маркум лидердин экинчи уулу жана анын мураскери Можтаба Хаменеи дагы эле эл алдына чыга элек.

Ислам республикасынын үчүнчү жогорку лидери болгон Можтаба Хаменеи атасы жана жубайы каза болгон күнү жараат алганы кабарланган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу алдында Иран бийлиги бул аземди «кылымдагы эң маанилүү окуя» жана «адамзат тарыхындагы эң өзгөчө окуя» деп сыпаттады.

Бирок укук коргоочу Таги Рахми “Азаттык” радиосунун иран кызматына курган маегинде, бул узакка созулган азем согуштан кийин да мамлекет күчтүү экенин көрсөтүүгө жана мурдагы абалын кайра бекемдөөгө багытталган саясий ишарат экенин айтты.

Анын белгилешинче, бул азем Хаменеинин бийлигинин тушунда көзү тазаланган миңдеген адамдардын өлүмүн да көмүскөдө калтырууну көздөйт.

Ал режим көп жылдар бою өлүм жазасын колдонуп, жапырт камоо, кыйноо, зомбулук ыкмаларын колдонуп, башкача ой жүгүрткөндөрдү күч менен басканы үчүн сынга кабылып келген. Алардын арасында аялдар, жарандык активисттер, журналисттер жана саясий туткундар да болгон.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG