Арменияда Конституциялык сот 7-июнда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жана Боршайкомдун 14-июндагы чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттун төрагасы Арман Диланян билдирди.
Армениянын Конституциялык соту 26-июнда жети саясий партиянын арыздары боюнча бириктирилген ишти кароону баштаган. Гагик Царукяндын партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын үч шайлоо участогунда кайра шайлоо өткөрбөө боюнча чечимине каршы даттанган. Маселен аталган участоктордо шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганына карабастан Боршайком анда кайра шайлоо өткөрүүнүн кажети жок деп билдирген.
Шайлоонун жыйынтыгында партияга парламентке өтүү үчүн талап кылынган 4% босогого жетүүгө 200гө чукул добуш жетпей калган.
Расмий маалыматтарга ылайык, перьмер-министр Никол Пашинян жетектеген "Жарандык келишим" партиясы добуштардын 50% жакынын топтоп, өкмөттү өз алдынча түзүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Экинчи орунду 23,3% менен "Күчтүү Армения" париясы, үчүнчү орунду 10% добуш алган "Армения" партиясы ээлеген.
Бул парламенттик шайлоонун жыйыныгын алты оппозициячыл партия таануудан баш тарткан. Алар оппозицияга саясий басым жасалганын белгилеп, добуштарды саноодо мыйзам бузуулар болгонун жана админ ресурс колдонулганын айтып чыккан.
Армян бийлиги бул дооматтарды четке каккан.
Шерине