Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Президент Садыр Жапаров аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан тосуп алып, өзү автоунаа менен мейманканага жеткирди.
Эки президент Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Рух Ордо” маданий борборуна барып, кыргыз элинин маданий мурасы жана улуттук баалуулуктары менен таанышты.
Асиф Али Зардари расмий сапары 6-9-июль күндөрүнө мерчемделген. Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү акыркы эки жылда катары менен 16 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 14-15 млн долларлык товар Исламабаддан Бишкекке сатылган.
Быйыл март айында Кыргызстанын Соода-өнөр жай палатасы менен Пакистандын Бишкектеги элчилигинин өкүлдөрү жолугуп, эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. (ErN)
Шерине