Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Украин армиясы Кыргызстан күйүүчү май алган Омск заводуна сокку урду

Украинанын Куралдуу күчтөрү 6-июлда Омск шаарындагы мунай өндүрүүчү заводго сокку урду.

Аталган аймак Украинадан 2500 чакырым алыс.

Бул тууралуу Украинанын мониторинг жүргүзүүчү Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм-каналдары жарылуулардын жана болжолдуу өрттүн кадрларын жарыялоо менен билдиришти.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы заводго сокку урулганын ырастады.

"Бул украин аскерлери чабуул койгон Орусиядагы эң ири 11 бензин өндүрүүчүлөрдүн акыркысы", - деп билдирди Башкы штаб.

Омск облусунун губернатору Виталий Хоценко тургундарга дрон коркунучу тууралуу эскертип, андан кийин абадан коргонуу күчтөрү украин дрондорун атып түшүргөнүн жана чабуулдун кесепеттери такталып жатканын жазган.

Кийинчерээк губернатор украин чабуулунун бутасы Омск мунай өндүрүүчү заводу (МӨЗ) болгонун моюнга алды. Аткаминер Коргоо министрлиги "учкучсуз учактардын басымдуу бөлүгүн жок кылганын" айтты. Анын белгилешинче, каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Омск мунай өндүрүүчү заводу - Орусиядагы ири ишканалардын бири. "Газпром нефть" ачык акционердик коомунун (ААК) курамына кирет. Компаниянын сайтында завод өлкөдөгү заманбап мунай өндүрүүчү ишканалардын бири экени айтылат.

Завод өндүргөн күйүүчү майын сыртка экспорттоп турган, анын негизги кардарларынын бири Кыргызстан. Учурда бул кабар социалдык тармактардын кыргыз сегментинде кызуу талкууланууда.

2026-жылдын жаз жана жай айларында украин аскерлери Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна сокку урууну күчөттү. Орусиянын өзүндө күйүүчү май тартыштыгы кабарланууда.

Буга чейин күйүүчү майды негизинен Орусиядан алып келген кыргыз өкмөтү ушу тапта бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы белгилүү болду.



Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG