Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ӨКМ алдыңкы эки күндө тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти

Кыргызстанда сел каптаган үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда сел каптаган үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратып, 7-июль күндүн экинчи жарымында жана 8-июль күнү Кыргызстандын аймагында абанын температурасы жогорулап, нөшөрлүү жаан-чачынга болорун эскертти.

Мекеме билдиргендей буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош облустарынын өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын жок, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Жаз айларынан бери жаан-чачын катуу жааган маалда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында удаа сел турак-жайларды жана башка инфратүзүм жайларып каптап жатат.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жыл башынан бери кеминде 283 сел кырсыгы катталды. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG