Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын кызмат адамдары пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Кызматтын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын кызмат адамдары суу коргоо тилкесине жакын жайгашкан туристтик объекттин курулуш долбоорун макулдашуудан өткөрүү үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.
Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган башкармалыктын жетекчиси жана башкы инспектору пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары улантылууда. (ErN)
Шерине