Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Таласта автоээнбаштык үчүн беш айдоочуга 75 миң сомдон айып салынды

Машинелер автоээнбаштык кылган учуру. Видеодон алынган скриншот.
Машинелер автоээнбаштык кылган учуру. Видеодон алынган скриншот.

Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылында автоээнбаштык кылган беш айдоочуга 75 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, алар жол эрежелерин бузуп, башка айдоочуларга тоскоолдук жаратышкан. Автоунаалардын баары айып короосуна киргизилди.

Интернетке тараган видеолордон көрүнүп тургандай, катар бараткан жеңил унаалардын терезесинен жана жүк ташуучу автоунаалардын үстүндө турган жаштар кыйкырып, ызы-чуу кылышкан. Машинелер катуу айдап, жолдо каршы тилкеге чыгышкан.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG