Ош шаардык мэриясынын аткарылган жана аткарылып жаткан курулуштарга байланыштуу жеке ишкерлерге карызы 3 млрд сомго жакын деп аныкталды. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 9-июлда өкмөт мүчөлөрүнүн бир күндүк ишин көрсөтүү өнөктүгүнүн алкагында журналисттерге маек берип жатып айтты.
“Сумма так аныкталды. Бардык карыз 3 млрд сомго жакын акча деп эсептелди. Жалпы 100дөн ашык объект бар экен, анын чоң-чоң саналган 24 объектисин биз, Курулуш министрлигинин карамагына алдык. Азыр аларда курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Объектилердин эң чоңу Ош шаарында салынып жаткан чоң көпүрө. Учурда көпүрөнүн устундары тургузулуп, үстүңкү катмарына кириштик. Акча каражаты четинен бөлүнүп берилүүдө. Президентибиздин фондунан 24 объектиге жалпы 500 млн сом бөлүнгөн, ошону муктаждыкка жараша четинен жаап баштадык. Калган 75 объект майдараак, аларды Ош шаардык мэриясы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен өзү бүтүрүүдө”, – деди министр.
Быйыл февралда президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясий тандеми урап, Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан кеткен соң анын жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда кызматтан алынган. Токторбаев жумуштан кеткенден кийин социалдык тармактарда “ал кызматта турганда Ош мэриясы 12 млрд сом карызга батканы тууралуу” маалыматтар тараган.
Кийин Ош шаарындагы курулуштарды жүргүзгөн ишкерлер президентке кайрылып, ар кайсы инфратүзүмдүн долбоорлорго жумшаган каражаттарын ала албай жатышканын айтып чыгышкан. Кийин арызданган ишкерлер менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жолугуп, өкмөт буга чейин курулушка кеткен чыгымдарды төлөп берерин убада кылган.
Жеңишбек Токторбаев 9-мартта “Азаттыкка” маек куруп, анын тушунда курулуштарга салынган каражаттар боюнча түшүндүрмө берген. Экс-мэр муну төгүнгө чыгарып, көчөлөрдү оңдоо жана башка объектилерди куруу жумуштарына байланыштуу мэрия аткаруучу ишканаларга 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде карыз экенин, ал республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жабылып келгенин айткан.
Жаңы мэр Жанарбек Акаев “Азаттыкка” 11-апрелдеги билдирүүсүндө Ош мэриясынын карызы, соңку эсептөөлөрдөн кийин, болжол менен 5 млрд сомду түзүп жатканын тактаган. Ал акыркы сумма Эсептөө палатасынын эсебинен кийин белгилүү болорун кошумчалады.(ErN)
Шерине