Орусиянын Краснодар крайында мугалимдерди айдоочуларды тынчтандыруу үчүн май куюучу жайларда (АЗС) нөөмөткө турууга мажбурлап жатышат. Мындай көрсөтмөнү Динск райондук администрациясы мектептерге жөнөткөн. Педагогдор эмгек өргүүсүндө болсо да май куюучу жайларга барып, тартипти көзөмөлдөөгө тийиш. Бул үчүн аларга акысыз чай жана кофе берилет.
Социалдык тармактарда бул буйрук катуу нааразычылык жаратты, мугалимдердин өздөрү да нааразы болушууда. «Антиджоб.нет» Telegram каналы мугалимдердин биринин пикирин жарыялады:
«Биз, жаш мугалимдер, салмагыбыз 50 килограммга да жетпейт, бирок май куюучу жайдагы ачууланган адамдарды тынчтандырууга тийиш экенбиз. Акысыз жана милдеттүү түрдө. Антпесе маселе жаралат. Андан көрө жумуштан кетип калыш керек»
«Живая Кубань» басылмасынын кабарчысы Динск райондук администрациясынын Билим берүү башкармалыгына кайрылганда, алар мугалимдердин нөөмөт өтөп жатканын ырастады. Мугалимдер өздөрү эле, негизинен эркектер ыктыярдуу түрдө чыгарын билдирди.
«Эч кимди мажбурлап жаткан жокпуз. Айрыкча аялдарды. Эркектер өздөрү ыктыярчы болуп чыгышат, анткени станциялардагы кырдаал аларга да тиешелүү. Ошондуктан нөөмөттөргө толугу менен ыктыярчылар катышууда. Алардын арасында аялдар жок».
Псков облусунда да бийлик өкүлдөрү «Сургутнефтегаз» компаниясынын май куюучу жайларында нөөмөт өтөө үчүн «ыктыярчыларды» издеп жатышат. Алар айдоочуларга күйүүчү май берүү эрежелерин түшүндүрүп, кезектерди жөнгө салууга жардам бериши керек. Бул үчүн кандай сый акы берилери жарыяда көрсөтүлгөн эмес. Ал эми «Псковнефтепродукт» май куюучу жайларында элдик кошуундун мүчөлөрү нөөмөт өтөшүүдө.
«7x7» аймактык басылмасы билдиргендей, Карелияда, Мордовияда, Орёл, Нижний Новгород, Липецк, Псков, Астрахань жана Киров облустарында унаанын мамлекеттик номуру жуп же так сан менен аяктаганына жараша бензин берүү тартиби киргизилери тууралуу SMS билдирүүлөр таратылууда. Иркутск облусунун бийлиги кезектерди азайтуу үчүн май куюучу жайларга электрондук жазылуу системасын киргизүүнү сунуштады деп жазат «Сибирский экспресс».
Пермь шаарында бензин тартыштыгына байланыштуу митинг өткөрүү боюнча расмий билдирүү берилди.
Мындан башка нааразылык акцияларын уюштуруу аракети тууралуу маалымат жок.
«Новая газета Европа» басылмасы Vox-Harbor долбоору менен биргеликте жүргүзгөн эсептөөгө ылайык, 2026-жылдын 1-майынан бери Telegram тармагында күйүүчү май кризиси тууралуу 6,6 миң пост жана бензин тартыштыгынан жабылган май куюучу жайлар жөнүндө колдонуучулардын 39,7 миң комментарий жарыяланган.
Күйүүчү май кризиси тууралуу алгачкы кабарлар 6, 12 жана 22-май күндөрү Нижний Новгород, Ярославль жана Пермь шаарларындагы мунай иштетүүчү заводдорго чабуулдардан кийин пайда болгон. Бензин тартыштыгы жөнүндө маалыматтар 29-майда көбөйө баштаган. Ошол күнү Крымдын бийлиги АИ-95 бензинин сатууну суткасына 20 литр деп чектеген.
Телеграмдагы эң катуу талкуу 18-июнда, Москвага согуш башталгандан берки эң чоң дрондук чабуул жасалган соң башталган. Ошондон бери бензин жетишсиздиги тууралуу орточо эсеп менен күн сайын 350дөн ашык пост жарыяланып келет.
Колдонуучулардын комментарийлерине караганда, кризис эң катуу Орусия Украинадан оккупациялап алган аймактарда, Москвада жана Москва облусунда, өлкөнүн түштүгүндө сезилүүдө. Талкуулардын саны боюнча алдыңкы орунда аннексияланган Крым турат. Андан кийин Москва, өзүн «Донецк Элдик Республикасы» деп атап алган аймак, Краснодар крайы, Ростов жана Москва облустары турат.
Украинанын орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жана башка мунай инфраструктурасына жасаган соккуларынын фонунда Орусиянын дээрлик бардык аймактарында, аннексияланган Крымда жана оккупацияланган аймактарда күйүүчү май тартыштыгы жана узун кезектер байкалууда.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, учурда Орусиядагы бензин өндүрүшү сезондук суроо-талаптын 65% гана жаап жатат.
Шерине