АКШнын Түндүк Каролина штатынын сенатору, республикачы Линдси Грэм 11-июлда көз жумду. Бул тууралуу 12-июлда анын кеңсеси кабарлады. Маалыматта сенатор кечинде капилет оорудан каза тапканы жазылган.
Ал кайсы жерде дүйнөдөн кайтканы айтылган эмес.
10-июлда Грэм Киевге барып, украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан. Ак үй менен Орусияга карата санкцияларды күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун макулдашууга жетишилгенин билдирген.
Линдси Грэм 71 жашта болчу. Ал юридикалык билим алган, армияда аскер прокурор болгон, кийин саясат менен алектенген.
Грэм Сенатка биринчи жолу 2002-жылы шайланган. Сенаттын көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири эле.
Орусия Крымды аннексиялаганга жана Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш баштаганга чейин эле Владимир Путиндин саясатын катуу сындап келген.
Украинаны жигердүү колдоп, Киевге бир нече жолу келип кеткен. Москвага карата санкция жана Украинаны колдоо тууралуу мыйзам долбоорлорунун тең автору болгон.
2023-жылы Орусиянын Ички иштер министрлиги согуш тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу Грэмге издөө жарыялаган.
Башында Дональд Трампты сындаганына карабай кийин ал АКШ президентинин Сенаттагы эң туруктуу жана ишенимдүү союздаштарынын бирине айланган. Грэм ошондой эле Иранга каршы операцияны колдоп, Израилди жактап келген.
Шерине