Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы интернетте тараган мыйзамсыз балык уулоо тартылган тасма тууралуу маалымат берди. Анда чет өлкөлүк ишкананын жетекчилиги менен сүйлөшүү болгонун жана бул көрүнүшкө карата катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.
"Арпа участкасында чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз балык уулоосу жана жергиликтүү тургундарга карата орой мамиле жасаганы боюнча маселе өзгөчө көзөмөлгө алынды. Аталган факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам чегинде катуу чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле чет өлкөлүк ишкананын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, күнөөлүү тараптарга мыйзам чегинде жоопкерчилик жүктөө жана мындай көрүнүштөрдүн кайталанышына жол бербөө боюнча ыкчам жана олуттуу чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарда Арпа жайлоосунда чет элдик (кытайлык) жарандар балыкты ток менен кармап жүрөт деген видео тараган.
Тасма жергиликтүү тургундар тарабынан тартылып, анда чет элдиктер атайын электр тогу бар жабдык менен балыктарды кармап жатканы баяндалган. Видеодо кытайлык номурдагы машине, чет элдиктер камерадан жүзүн жашырып, телефонго тартып жаткан адамды көздөй чуркап келатканы тартылып калган. Видео качан тартылганы белгисиз.
Буга чейин Ысык-Көлдө кытайлык компанияда котормочу болуп иштейм деп тааныштырган кыз аны кытай жараны сабаганын айтып чыккан. Бул окуя курулуш жүрүп жаткан аймакта болгонун, милиция кызматкерлерин да ошол жерге чакырышканын тактаган. Сурак бергенден кийин кызды сабады делген жаран коё берилгени белгиленген.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган. Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат.
Кыргыз бийлиги Кыргызстанда «кытайлык жарандар көбөйүп кетти» деген сөздү төгүндөп, алар өлкөдөгү «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу жана башка ири долбоорлор үчүн тартылганын, мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кетерин белгилеп келет.
Шерине