Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:42

Ат-Башы: Сел агызып кеткен унаадагы адам аман-эсен куткарылды

Унааны сел агызып кеткен видеодон алынган скриншот. Иллюстрациялык сүрөт.
Унааны сел агызып кеткен видеодон алынган скриншот. Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда сел агызып кеткен унаадагы адам аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын облустук башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 12-июль күнү саат 20:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Ат-Башы айыл аймагындагы Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайдан сел жүргөн.

Окуя болгон жерге Ат-Башы райондук №45 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М. Шербаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ички иштер органдары жана тиешелүү кызматтар тартылып, кырдаалга ыкчам чара көрүштү.

Такталган маалымат боюнча сел сууларынан турак жайларга зыян келтирилген жок. Сел суусуна агып кеткен унаадагы жаран куткарылып, аман-эсен чыгарылган.

Интернетте тараган видеолордо сайдын нугунан ашкан суу бир автоуунаны агызып баратканы көрүнүп турат. Тасмадагы баяндап жаткан адам андагы киши жээкке чыкканын айтып берүүдө.

ӨКМден такташкандай, учурда сел суусунун деңгээли төмөндөп, өз нугу менен агууда. Ат-Башы–Өзгөрүш унаа жолу эки тараптуу ачылып, транспорт кыймылы толугу менен калыбына келтирилди. Унаа жолгожана көпүрөгө зыян келтирилген эмес. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG