Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) “Кыргызгидромет” кызматы шашылыш билдирүү таратып, 14-18-июль күндөрү Кыргызстандын аймагында адаттан тыш ысык аба ырайы күтүлөрүн эскертти.
Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин жогорулайт. 16-18-июлдарда абанын табы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде 41…43 градуска чейин көтөрүлөт.
Мындай аптапта организмди суунун жетишсиздигинен жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн көп сугаруу керек.
14-18-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыя-өзөндөрдө суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт жана суу ташкын коркунучу бар.
Июль айынын башында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Борбор Азиянын бир катар аймактарында абанын табы 40 градустан ашарын эскерткен. Адистердин айтымында, абанын ашкере ысышы жүрөк-кан тамыр, инсульт, дем алуу ооруларын козгоп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Буга чейин июнь айынын соңунда Европада ысык аба ырайы рекорддук чекке жетип, миңдеген киши каза болгону кабарланган. Ысыктан улам Европанын бир катар өлкөлөрүндө токойлордо өрт чыккан. Окумуштуулар адаттан тыш ысыкты Тынч океандагы Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшү менен байланыштырууда. (ErN)
Шерине