Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине учкай маек куруп, Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" борборунда өзүнүн кызы Жанайым Жапарованын балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берди.
Мамлекет башчы аталган борбордо эс алган балдарга жубайы Айгүл Жапарова соңку үч жылдан бери барып, белектерди тапшырып келерин билдирип, бул ирет анын колу бошобой калганы үчүн кызын жөнөтүп койгонун билдирди:
“Эч кандай пиар дагы эмес, саясатка аралаштыруу дагы эмес. Буга чейин айтканымдай эле, балдарымды да, жакындарымды да саясатка жана мамлекеттик иштерге аралаштырбайм. [] Жыл сайын бул борборго өлкөбүздүн булуң-бурчунан балдар келип эс алып, бири-бири менен достошуп, эс алып кетишет. Анан жыл сайын эле Айгүл “балдардын көңүлү көтөрүлүп калсын” деп белек-бечкектерди тапшырып келет. Бул жолу да бармак. Бирок, кудалар чакырып калып, Айгүл экөөбүз ал жакка кеткенбиз. Анан “Атайын жекшембиге пландалган иш-чара, балдар күтүп калышты. Томсоруп калышпасын, сен барып тапшырып коё берчи” деп кызыбызды жөнөтүп коюптур. Жанайым балдар үчүн белекке делген шорта, футболкаларды таратышып коюп эле кете берген. Жалпыга маалымдоо каражаттары болгон эмес. Маалыматты эч жакка чыгарбай эле белектерди таратып коёлу дешкен. Ал жакка келгендердин арасынан бирөөсү телефонго тартып, анан соцтармакка чыгарып жибериптир. Муну саясат кылыштын деле кереги жок”, – деп жооп берди Садыр Жапаров.
Мунун алдында социалдык тармактарда президенттин кызы Жанайым Жапарованын "Алтын балалык" борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосу тараган. Бул коомчулукта талкууларды күчөткөн.
2024-жылы үч медиа биргелешкен иликтөөсүндө президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун досу, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин тааныштарынын компаниялары өлкөдөгү ири курулуштарды колго алганы айтып чыгышкан. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков муну каралоо катары бааласа, Садыр Жапаров өз интервьюсунда төгүнгө чыгарган.
2025-жылдын октябрында президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Берекет банкынын” негиздөөчүлөрү болгону ачыкка чыккан. Жапаров мунун артынан интервью берип, "жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, Чжао менен Султановдун суранычы менен уулу банкка киргенин" айткан. Президент Нурдөөлөт Нургожоев "мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болорун" кошумчалаган. (ErN)
Шерине