Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Алтынай Арстанбекова бир берене боюнча акталып, бир берене боюнча айып менен бошотулду

Алтынай Арстанбекова.
Алтынай Арстанбекова.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-июлда журналист Алтынай Арстанбекова өкүм чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Автандил Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, сот журналистти Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү – "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" боюнча айыптоого негиз жок деп таап, актады. Сот ушул эле кодекстин 327-беренеси – “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” боюнча айыптуу деп таап, Арстанбековага 100 миң сом айып пул салды.

Өкүм жарыяланган соң Алтынай Арстанбекова сот залынан бошотулду.

Адвокаты Бакыт Автандил алар соттун актоо өкүмүн кубаттай турганын билдирип, өкүмдү толук алгандан кийин даттануу жөнүндө ойлонушарын кошумчалады.

Журналист Алтынай Арстанбекова быйыл 10-мартта кармалган.

Ички иштер министрлиги 11-мартта маалымат таратып, журналист Алтынай Арстанбекова кармалып, камакка алынганын ырастаган. Анда 2026-жылдын 9-мартында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Facebook социалдык тармагындагы Даниэль Жоошбаев аттуу аккаунттун колдонуучусу аркылуу бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталганы айтылат. Сөз болгон аккаунттан айрым басылмалардын астындагы комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана башаламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр жазылганы белгиленген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен кылмыш ишин ачкан.

ИИМ билдиргендей, 10-мартта Арстанбекованын үйү тинтилип, уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер алынган. 11-мартта журналист Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийин сот аны тергөө бүткүчө камакка алган.

Алтынай Арстанбекова буга чейин Next TV телеканалында иштеген. Акыркы жылдары эркин журналист экенин айтып, Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Журналисттин адвокаты жана жакындары анда козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий беришкен эмес болчу. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG