Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Нарында канаттууларды тузакка түшүргөн чет элдик жаран кармалды

Канаттууларды тузакка түшүргөн чет элдик жарандын өздүгүн аныктоо учуру.
Канаттууларды тузакка түшүргөн чет элдик жарандын өздүгүн аныктоо учуру.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда канаттууларды тузакка түшүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы кабарлады.

Мунун алдында социалдык тармактарда кытайлык жаран тузак жасап, канаттууларды кармап жатканы тартылган видео тараган.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында видеодо тартылган чет элдик жарандын өздүгү аныкталып, кармалган. Ал Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда тергөөгө чейинки иш-чаралар алып барылып, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте чет элдик жарандын аракеттерине Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык укуктук баа берилет. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG