Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Селге байланыштуу Ноокен районунда “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы сел каптаган жер. Видеодон алынган скриншот.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы сел каптаган жер. Видеодон алынган скриншот.

Соңку селге байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагына III даражадагы “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) аймактык башкармалыгы кабарлады.

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында, Э.Алиев айыл аймагында жана Момбеков айыл аймагынын Бостон, Курулуш, Көп-Там айылдарында бир катар турак жайлардын короолорун, мал сарайларын жана соода жайларын каптап, материалдык чыгымдарды алып келди. Учурда кырсык болгон аймактарда Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

13-июлда түштөн кийин жана кечинде нөшөрдөн улам Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Ала-Бука райондорунда, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларында сел жүрдү. Баштапкы маалымат боюнча Ноокенде 417 турак үйдүн короосун суу каптады, анын ичинен 80 турак үйдүн ичине кирди.

Интернетте тараган видеолордо Жалал-Абад облусунун аймагында катталган селде койлор агып баратканы тартылган. Тасмада бул окуя Кочкор-Ата шаарында экени айтылган.

ӨКМ мурдараак маалымдагандай, өлкөдө жыл башынан бери кеминде 283 сел кырсыгы катталды. Андан берки селдер буга кошулуп санала элек. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG