Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Кызматташынын жаагын сындыра урган чек арачы кармалды

Кыргыз-тажик чек арасын тосмолоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасын тосмолоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде өз кызматташынын жаагын сындыра урган чек арачыга кылмыш иши козголуп, кармалды. Бул тууралуу 14-июлда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 9-июль күнү, саат 15:00 чамасында катталган. Чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн келишимдик негизде иштеген аскер кызматкери, сержант С. у Э. Баткен областынын Лейлек районунун “Үч-Котон” жергилигинде инженердик жабдуу иштерин аткарып жатып, өз ара келишпестиктен улам 2057 аскер бөлүгүнүн С.Т.Д аттуу аскер кызматкеринин сол жаагына уруп жиберген. Натыйжада С.Т.Днын жаагынын сол тарабы сынган.

Бул факты боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн алкагында сержант С. у Э. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.

Аскер прокуратурасы мындан тышкары мамлекеттик чек арага тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин баштады.

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, эки чек арачынын ортосундагы жаңжал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдирген. Жабырлануучу Бишкектеги Улуттук госпиталдын Жаак-сөөк жана бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган.

Чек ара жана башка аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн жоокерлердин жана иштеген кызматкерлердин ичинде уруш-талаш, жаңжал чыгып, бири-бирине зыян келтирген же атыша кеткен окуялар Кыргызстанда маал-маалы менен катталып турат. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган учурлары да бар. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG