Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:00

Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексин кемчиликтерди оңдогонго чейин жабууну тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Олд Бишкек” соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрдү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Олд Бишкек” соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрдү.

15-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Олд Бишкек” соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, кемчиликтер жоюлганга чейин аны жабууну тапшырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.

“Баарыбыз шаарды өнүктүрүү үчүн иштеп жатабыз. Өз убагында муниципалитет шаардык инфратүзүмдү модернизациялоо жана жаңылоо шарты менен бул долбоордун ишке ашырылышын колдогон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизнес өз милдеттенмелерин бир тараптуу гана аткарууда”, – деди мэр Айбек Жунушалиев.

Бишкектин Свердлов райондук администрациясы 1-июлда ижарачыларга эки апталык мөөнөт берип, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу эскертүүсүн берген.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы соода түйүндөрү иштеп жаткан жер алдындагы өтмөктүн аймагын мөөр басып жабууну тапшырды. Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткармайынча жана объект расмий түрдө эксплуатацияга берилмейинче, бардык коммерциялык түйүндөрдүн ишмердүүлүгү токтотулду.

Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн мурдагыдай эле ачык бойдон калат. Чектөөлөр соода жайларынын ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү.

Бишкек мэриясы 2025-жылы март айында Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган. Долбоорго “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөрүн билдирген.

“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон.

Курулуш жүрүп жаткан маалда Чүй көчөсүнүн боюнда чоң имарат курулганы, курулуш аталган көчөгө чыгып кеткени, "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы оргуманын бузулганы жана башкалар сынга алынган.

Өткөн жылдын аягында ошо кезде атайын кызматты жетектеген Камчыбек Ташиев курулушту жүргүзүп жаткан ишкер Нариман Түлеевди жолго чыгып кеткен курулуштарды алып, үч кабат имаратты долбоордогудай эки кабатка түшүрүүнү тапшырган. Ташиев февралда иштен кеткен соң мэр Айбек Жунушалиев март айында курулушка барып, кошумча курулушту толук бузуп, оргуманы ордуна келтирүү тапшырмасын койгон. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG