Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:14

ЖАМК Аскат Жетигендин экинчи катына жооп берип, анын айыптоолорун төгүндөдү

Аскат Жетиген жана анын төрт барактан турган жаңы каты. "Азаттыктын" коллажы.
Аскат Жетиген жана анын төрт барактан турган жаңы каты. "Азаттыктын" коллажы.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат бөлүмү №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетигендин 15-июлдагы катына байланыштуу жооп жазып, андагы айыптоолорду төгүндөдү. Мекеме билдирүүсүн “Азаттыкка” жиберди.

“№27 түзөтүү мекемесинде тигүү өндүрүшүндө иштеген соттолгондор “жети айдан бери эмгек акы албай жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мекеменин тигүү цехинде соттолгондор өз каалоолору менен жеке арыздарынын негизинде эмгектенишет жана эмгек акысы өз убагында төлөнүп келет. 2026-жылдын апрель айынын башында аталган цехте иштеген соттолгондорго банктык төлөм карталары берилген. Учурда алардын эмгек акысы белгиленген тартипте жеке банктык эсептерине которулууда. Мекеме башчысы тарабынан соттолгондорго күч колдонулуп, сабалган деген маалымат да чындыкка дал келбейт. [...] Күн тартибине ылайык, соттолгондор үчүн күнүнө эки жолудан ашпаган сейилдөө жана саптык басуу уюштурулат. Ошондуктан соттолгондорду күнүнө үч же беш жолу чуркоого мажбурлашат деген маалымат да жалган”, – деп айтылат билдирүүдө.

ЖАМКнын жообунда Аскат Жетиген 29-июнда эки буту ооруп жатканын айтып мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылганы, медициналык кызматкерлер ага кароо жүргүзүп, тиешелүү дарылоо дайындап, белгиленген дары-дармектерди бергени айтылат.

“13-июлда Аскат Жетиген медицина кызматкерлеринен кечки сейилдөөгө чыкпоого уруксат берүүчү маалымкат талап кылган. Медициналык кызматкерлер ага алгач медициналык кароодон өтүү зарылдыгын түшүндүрүшкөн. Бирок ал текшерүүдөн өз ыктыяры менен баш тартып, медицина бөлүмүнөн терс мүнөзүн көрсөтүп, чыгып кеткен. Ошондуктан ага медициналык жардам көрсөтүлгөн жок же медициналык маалымкат берилген жок деген маалымат чындыкка дал келбейт”, – деп белгиленет Жаза аткаруу мекемесинин маалыматында.

Аскат Жетиген жактоочусуна жазган экинчи катында абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанып, буга абактын жетекчиси тикмечилерди сабаганын мисал келтирген. Акын ички тартипке ылайык камактагылар күнүнө эки ирет чуркоого милдеттүү болсо азыр үч ирет, же беш ирет мажбурлап чуркатылып жатканын белгилеген. Ал ошондой эле оорулууларга дары-дармек колдонууга керектүү шарттар жаратылбаганын белгилеп, жеке өзү ооруп жатканы жөнүндө медициналык тастыктаманы ала албай жатканын кошумчалаган.

Акын Аскат Жетиген 12-июлда да абактан кат жазып, ден соолугу начарлап кеткенин, акыркы убакта башы ооруп жатканын билдирген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 13-июлда буга жооп берип, акындын “саламаттыгы канааттандырарлык экенин, медициналык бөлүмгө ден соолугу боюнча даттануу менен кайрылбаганын” билдирген.

Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”)негизинде.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул чечимди күчүндө калтырган.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG