Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объекттерине рейд жүргүзүлүп, 18 компаниянын курулуш объекттериндеги иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бир катар объекттердин айланасындагы көрктөндүрүү иштерин уюштуруу талаптарынын сакталбаганы аныкталды.
Тактап айтканда, курулуш аянтчалары тиешелүү деңгээлде тосулбаган, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн калкалоочу тосмолор жана чатырчалар орнотулган эмес, сырткы жарыктандыруу каралган эмес, кирүүчү жолдор даярдалбаган жана автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн жуучу жайлары уюштурулган эмес.
“Элемент Стиль” компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш-монтаждоо ишиндеги кемчиликтерди жойгонго чейин объектисиндеги жумуштар убактылуу токтотулду.
Мындан сырткары “Имарат Восток”, “Тайлак Строй”, “КомСтройСервис”, “Алим Строй”, “КН Гранд Строительство”, “Мурас Курулуш Групп”, “Старт Компани”, “Масшер Билдинг”, “Алип Строй”, “Мерибелл Текстил Иншаат”, “Битрейд Импекс”, “Бостон Строй”, “Дрим Хаус”, “Ынтымак Биримдиги”, “Бак-Строй-Талас”, “ТК Мегаприм” жана “Сантехмонтаж” курулуш компанияларына эскертүүлөр берилип, алардын объектилериндеги жумуштар да убактылуу токтотулду. (ErN)
Шерине