Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Аба ырайы: 19-июлда күн 43 градуска чейин ысыйт

Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидрометтин билдиришинче, 19-20-июлда өлкө аймагын адаттан тыш ысык каптайт.

Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда абанын температурасы +41-43 градуска жетет.

Мекеме мындай ысыкта ысык уруп кетпеши үчүн көчөдө көп жүрбөөнү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн көп сугарууну сунуштайт.

19-июлдун аба ырайы

Ош облусунда түнкүсүн 23 ... 28, күндүз 38 ... 43;

Жалал-Абадда түнкүсүн 25 ... 27, күндүз 40 ... 42;

Баткенде түнкүсүн 23 ... 28, күндүз 38 ... 43;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 14 ... 19, күндүз 28 ... 33;

Нарында түнкүсүн 14 ... 16, күндүз 31 ... 33;

Таласта түнкүсүн 18 ... 23, күндүз 38 ... 40;

Чүй облусунда жана Бишкекте түнкүсүн 25 ... 27, күндүз 41 ... 43 градус ысык болот.

Мекеме күндүн ысышынан улам айрым аймактарда суу кирип, дарыялар нугунан ашышы мүмкүн экенин эскертти.

Метеорологиялык кызматтын маалыматында, Бишкекте июль айында абанын температурасы 41 градуска чейин жогорулаган учур 2017, 2019, 2021-жылдары катталган. 2022, 2023 жана 2024-жылдары 40 градуска жеткен.

Ушундай эле аптап аймактарды да каптап, 2021-жылы 27-июлда Манас шаарында 44 градуска жетсе, 8-августта Айтматов районунда температура 40 градуска көтөрүлгөн. 2022-жылы Баткенде 40 градус ысык болгон. 2025-жылы 4-июлда Талас шаарында абанын температурасы 38 градуска жеткен.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөө 1960-жылдан тарта өлкөдөгү орточо жылдык температура 1,2°C көтөрүлгөнүн көрсөткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG