Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасында чыккан өрттө документтеринен айрылган кыргыз жарандарын элчиликке кайрылууга чакырды.
ТИМ дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөө жана калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүгө, өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирди.
Консулдук-укуктук жардам алуу үчүн кыргыз жарандары Москвадагы Большая Ордынка көчөсү, 64 дарегиндеги элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылууга тийиш.
"Элчилик Электросталь шаарындагы кампада чыккан өрт боюнча бардык жагдайларды тактоо максатында Орусиянын тиешелүү органдары менен кызматташууда. Тамбов облусунун Котовск шаарында чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты дагы тактоодо", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.
Буга чейин Электросталдагы өрт чыккан жер курчоого алынып, кампада документи калып кеткен адамдар ичкери кире албай турганы белгилүү болгон.
Социалдык медиада тараган видеолордун биринде кыргызча сүйлөгөн эркек киши "аялы кампадан чыга албай калганын" айтып жатканын угууга болот.
18-июлга караган түнү Подмосковьедеги Wildberries маркетплейсинин кампасына дрон түшкөн. Аймактын башчысы Андрей Воробьев 24 адам жараат алганын кабарлады. Ушул эле түнү Wildberries компаниясынын Тамбов облусундагы Котовск шаарындагы кампасына дагы дрон тийген. Облус башчысы Евгений Первышовдун маалыматында жети киши каза болуп, 25 киши жараат алып, алардын 23ү ооруканага жаткырылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Москва жана Тамбов облустарындагы "логистикалык объекттерге" сокку урулганын ырастап, алар "дрон жана навигация жабдыктарын өндүрүү үчүн санкцияга кабылган тетиктерди жеткирүүдө колдонулганын" билдирди. (ST)
Шерине