Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Кыргызстанда 5 баллдык жер титирөө катталды

Сейсмология институту өз сайтында OpenStreetMap сервисинин негизинде чыгарган соңку жер силкинүүлөрдүн картасы.
Сейсмология институту өз сайтында OpenStreetMap сервисинин негизинде чыгарган соңку жер силкинүүлөрдүн картасы.

20-июль, түнкү саат 2:40та Кыргызстандын Нарын облусунда 5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.

Жер титирөөнүн очогу Нарын шаарынан 30 алыстыкта, Оттук айылына жакын жерде болду.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Июлдун башынан бери эле өлкөнүн аймагында ондон ашык силкинүү болду. Алардын арты 3,3 баллдан 4,9 баллга чейин болуп жаткан.

Сейсмология институтунун расмий сайтында күн сайын өлкө аймагында жер силкинүү тууралуу маалыматтар жаңыртылып, жарыяланып турат. Андагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда дээрлик күн алыс эле жер силкинет.

Улуттук илимдер академиясы Кыргызстанда жыл сайын 9200дөй майда жер титирөө катталарын мурдараак билдирген. Бул көрсөткүчтүн эң жогорку деңгээли 2016-жылы катталган, анда 16 миң жер титирөө болгонун адистер эсептеп чыгышкан. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG