Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи айлампасы башталды

Кабыл алуу жүргүзүлүп жаткан “Абитуриент онлайн” платформасынын (2020.edu.gov.kg сайты) сайты.
Кабыл алуу жүргүзүлүп жаткан “Абитуриент онлайн” платформасынын (2020.edu.gov.kg сайты) сайты.

20-июлда жогорку окуу жайларга кабыл абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун экинчи айлампасы башталды.

Кабыл алууну жүргүзүп жаткан “Абитуриент онлайн” сайтында жазылгандай, экинчи тур үчүн каттоо бүгүн 9:00дө ачылды. Айлампа 22-июль, саат 14:00гө чейин уланат.

2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун биринчи айлампасы 13-июлда башталган. Ал 15-июль саат 14:00гө чейин уланмак. Техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу сайт ортодо иштебей калып, кабыл алуу ошол күнү 21:00гө чейин узартылган.

“Абитуриент онлайн” сайтында көрсөтүлгөндөй, биринчи айлампада 42 623 абитуриент талонун таштаган. Анын ичинен 15 344 улан-кыз бюджеттик негизде окууга, 27 279 улан-кыз келишимдик негизде окууга арыз берген. Жогорку окуу жайлар жалпы 21 242 абитуриентти (4722 бюджет, 16520 контракт) кабыл алууну тастыктады.

Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу “Абитуриент онлайн” платформасы (2020.edu.gov.kg сайты) аркылуу онлайн форматта жүргүзүлүүдө. Мектеп бүтүрүүчүлөрү тиешелүү окуу жайды тандап, тестинин жыйынтыгын жөнөтөт, ким кабыл алынып, ким өткөнү онлайн көрүнүп турат.

Кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 13-июлдан, экинчи тур 20-июлдан, үчүнчү тур 27-июлдан, төртүнчү тур 3-августтан, бешинчи тур 10-августтан башталат.

Расмий маалыматка караганда, быйыл 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктады. 9-классты аяктап жаткандар 136 миңдин тегерегинде болду. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG