Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында жазды.
“Президент болом дегенде түшүнө акталган таруу кирген саясатчылар бар. Алар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандап, “кытай басып кетти”, “жерлер сатылып жатат”, “тышкы карыз көбөйүп кетти” деген сыяктуу дооматтарды соцтүйүндөр аркылуу таратып келишкен. Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана “НПОчулардын” фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулду. Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне-аталары жана бир туугандары “балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле суракка чакырды” деп наалып чыгасыңар. Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогору өлкөдо жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз”, – деп жазды ал.
Дайырбек Орунбеков Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатканын билдирди. Ал бул боюнча укук укоргоо органдары да иш алып барып жатканын белгилеп, терс маалыматтарды тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы постунда өзү атаган саясатчылардын тарапташтарынын жана аларга байланыштуу делген аккаунттардын да аталыштары менен сүрөттөрүн жарыялады.
Постто аты-жөнү келтирилген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-депутат Адахан Мадумаров, атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев жана алардын тарапташтары Орунбековдун пикири жөнүндө билдирүү таратыша элек.
Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар жөнүндө маалыматтар буга чейинки бийликтердин тушунда да улам-улам тарап, талкууларды жаратып турчу. Азыркы президент Садыр Жапаров өлкө башына келгенден бери да бул тема социалдык тармактарда кайра-кайра козголуп келет. (ErN)
Шерине