Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Подмосковьеде мунай базасы, Wildberries кампасы жана турак жайга дрон чабуулу болду

Подмосковьедеги дрон чабуулу.  20-июль, 2026-жыл
Подмосковьедеги дрон чабуулу. 20-июль, 2026-жыл

20-июлга караган түнү Украина Москва облусуна дрондор менен чабуул койду. Аймактын губернатору Андрей Воробьёв билдиргендей, Одинцоводо жеңил автоунаа жана жеке турак жайга зыян келтирилген. Подольскиде жарандык инфраструктуранын бир нече объектиси жана Малое Толбино айылында жер там зыян тарткан. Домодедоводо жер үйдө чыккан өрттөн бир адам жаракат алып, дагы бир адам М-4 автожолунда жабыркаган.

ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, дрондордун бири көп кабаттуу турак үйгө тийген. Журналисттер ал Домодедоводогу Курыжов көчөсүндөгү 20-үй экенин такташты.

Домодедово ооруканасына жаракат алган алты киши түшкөн. Алардын үчөө чет элдиктер. Жабыркагандардын бири оор абалда экени айтылууда.

ASTRA маалымдагандай, Подольскиде сокку мунай базасына тийген. Украинанын ачык булактарга мониторинг жүргүзгөн каналдары Коледино кыштагында Wildberries кампасына жана Домодедоводогу "Южные врата" паркына да чабуул болгонун жазышты.

Wildberries компаниясынын басма сөз кызматы Колединодогу комплекс кадимки режимде иштеп жатканын билдирди. Буга чейин кызматкерлер коопсуздук максатында эвакуацияланган.

Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин маалыматына ылайык, кечки саат 20:30дан таңкы саат 05:00гө чейин Москва аймагын көздөй учурулган 400дөн ашуун украиналык дрон атып түшүрүлгөн.

Буга чейин, 18-июлга караган түнү да украиналык учкучсуз аппараттар Wildberries кампаларына чабуул жасаган. Тамбов облусунун Котовск шаарында түнкү нөөмөттө иштеп жаткан компаниянын жети кызматкери каза болуп, дагы 25 адам жаракат алган. Ал эми Москва облусундагы Электросталь шаарында дрон кампанын аймагына кулап, 24 адам жабыркаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Wildberries компаниясынын логистикалык борборлорунда учкучсуз аппараттар үчүн тетиктер сакталганын билдирген.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.

Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.

Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG