21-июлда Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган топ Кытай Эл Республикасынын Бишкектеги элчиси Лю Цзянпин баштаган делегация менен кеңешме өткөрүп, кытайлыктар катышкан укук бузууларды талкуулады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагындагы кытай жарандарынын арасында укук бузууларды алдын алууга багытталган мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери сөз болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоонун зарылдыгы жөнүндө алардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, өлкөнүн салт-санаасына, маданиятына жана коомдук тартибине урмат-сый менен мамиле кылуу боюнча чаралар талкууланды.
Кытай Эл Республикасынын элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүүгө, укук бузуулардын алдын алууга жана кытай жарандары менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов кыргыз тарап Кытай Эл Республикасы менен конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, биргелешкен иштер эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Кытайдын элчиси Лю Цзянпин мындан аркы кызматташууга даярдыгын билдирип, Кыргызстандагы кытай жарандарынын арасында биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Соңку мезгилдери Кыргызстанда иштеген же жашаган кытайлык жарандар катышкан укук бузуулар тартылган фото-видеолор социалдык түйүндөргө тарап, талкууларды жаратууда. Ички иштер министрлиги мындай окуяларга катышкан чет элдиктердин айрымдарына эскертүү берип, кээлерин кармаганын кабарлады. Мыйзам бузууга аралашкан бир топ чет элдиктер өз өлкөлөрүнө мажбурлап чыгарылганы маалымдалды. (ErN)
Шерине