Ош шаарында өспүрүмдөрдүн ортосундагы жаңжал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, балдарды уруштурган П. А. аттуу тургун убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу 23-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Мунун алдында социалдык тармактарда видео тараган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунун биринде чоң киши эки өспүрүм баланы бири-бирине тукуруп, мушташтырып жатканы тартылган. Кийин окуяга жашоочулар аралашып, жаңжалдашкан тараптарды токтотконун тасмадан көрүүгө болот.
Милициянын маалыматына ылайык, бул окуя боюнча 21-июль күнү Ош шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Ы. арыз менен кайрылган. Жашоочу ошол эле күнү саат 20:30 чамасында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз жаран өзүнүн баласы менен чогуу анын жашы жете элек уулу, 2011-жылы туулган А.Н.га карата ээнбаштык аракеттерди жасап, денесине залал келтиргенине даттанган.
Бул факты боюнча материалдар шаардын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө катталып, иш козголуп, тергөө амалдары башталган.
Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөн. Жабырлануучу суракка алынып, анын денесиндеги жаракаттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле окуяга күбө болгон жарандардан көрсөтмөлөр алынган.
Тергөө алдындагы текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде окуя өспүрүмдөрдүн ортосундагы өз ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан жаңжалдын натыйжасында болгондугу аныкталган.
Окуяга тиешеси бар делген П. А. 24 жашта. Ал алгач тергөө кызматына жеткирилип, кийин 48 саатка камалды. Тергөө иштери улантылууда. (ErN)
Шерине