Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Тоң районунда 20 жаштагы аял төрөттөн кийин каза болду

Кыргызстандагы кош бойлуу аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы кош бойлуу аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 20 жаштагы аял төрөгөндөн кийин каза болду. Бул тууралуу 23-июлда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 22-июлда, саат 13:35те 2006-жылкы кош бойлуу келин каза болуп калганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, аял түн жарымда толгоосу кармап, райондук төрөтканага кайрылган. Түнкү саат 3:00дөрдө толгоосу күчөп, таңкы саат 7:00дөрдө уул төрөгөн. Аз убакыттан кийин аялдын абалы оорлоп кеткен. Дарыгерлер ага керектүү медициналык жардам көрсөтүп, операция жасашкан. Ага карабай аял түшкү саат 12:48де көз жумган.

Милиция тактагандай, жаңы төрөлгөн баланы медицина кызматкерлери карап жатышат.

Факт боюнча экспертиза дайындалып, төрөткананын кызматкерлери суралууда. Сотко чейинки териштирүү уланууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. Төрөттөн улам 2024-жылы 36 жана 2025-жылы 48 аял көз жумган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG