Энергетика министрлигинин соңку маалыматына таянсак, өткөн апталарга караганда электр энергиясын керектөө ылдыйлап, 44,4 млн кВт/саатты түздү.
Аталган мекеме апта башында 15-20-июлдагы адаттан тыш ысыкта электр энергиясын керектөө кескин өсүп, 16-июлда 48 млн, 17-июлда 47 млн 600 миң, 18-июлда 50 млн 76 миң, 19-июлда 50 млн 122 миң, 20-июлда 50 млн 749 миң кВт/саатты түзгөнүн билдирген.
17-июлда Бишкекте электр жарыгы жапырт өчкөн. Ток менен иштеген насостор тартпай калгандыктан, айрым үйлөрдө суу дагы чыкпай калган.
Мындан улам 19-июлдан тарта Бишкекте жана анын айланасындагы линияларды, чубалгыларды жана көмөк чордондорду сактап калуу максатында электр жарыгын берүүгө эки сааттан чектөө киргизилген.
Бул чара бир катар шаар тургундарын жана бизнес өкүлдөрүн нааразы кылган.
Энергетика министри Алтынбек Рысбековдун белгилешинче, Кыргызстанда бир жылда электр энергиясын суткалык керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18% өскөн.
Ал мынчалык жүктү энергетика тармагы көтөрө албасын белгилеп, борбор калаада чоң линия, көмөк чордондору куруларын, ага президенттин фондунан 300 млн доллар бөлүнөрүн айткан.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт саатты коңшу өлкөлөрдөн сатып алат. (ST)
Шерине